Мэрия "Шашлычная" кафесине башка аймактан жер берет

Бишкек мэриясы "Шашлычная" кафесине башка аймактан жер тилкесин бөлүп берет. Бул тууралуу бүгүн, 31-июлда кафенин администратору Сыргак Осмонканов билдирди.
"Бизге башка аймактан жер бөлүнүп берилери айтылды. Бирок азырынча кайсы жерде экени белгисиз", - деди ал.
Ошондой эле мэрия кафени бузуу боюнча 5 күн мурда эскертүү бергенин, ал эми администрация кечээтен бери имараттын ичин жыйнаштырып, бузууга даярдап жатканын белгиледи.
Бүгүн, 31-июлда Бишкек мэриясынын кызматкерлери Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө жайгашкан "Шашлычная №1" кафесин демантаждоо үчүн атайын техника менен келген. Анда мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев кафенин ээси менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, 15-августка чейин кафенин жетекчилиги имаратты бошотуп берүүнү убадалаган.
Белгилей кетсек, мэрдин орун басарынын айтуусунда аталган тамактануучу жайдын ордуна сейил бак курулат.
видео


