Нурдан Орунтаев "Батуми" кафеси боюнча комментарий берди
Бишкектеги "Батуми" кафесине шаардын башка аймагынан жер тилкесин бөлүп берүү пландалууда. Бул тууралуу бугүн, 31-июлда Бишкектин вице-мэри Нурдан Орунтаев билдирди.
Орунтаев "Батуми" кафесин буздурганы үчүн УКМК козгогон кылмыш иши тууралуу суроого жооп берип жатып, аталган иш боюнча тергөө уланып жатканын белгиледи.
"Азырынча бул иш аягына чыга элек. Кафенин (ред: "Батуми" кафеси) ээлери менен шаардын башка аймагынан жер тилкесин бөлүп берүү жана бул жерди сейил бак үчүн бошотуу тууралуу сүйлөшүүлөр жүргөн. "Батуминин" да "Шашлычная №1" кафесинин да келишим мөөнөтү аяктаган. Демантаж иштери бүткөндөн кийин бул аймакта сейил бактын курулушу башталат", - деди Орунтаев.
Эске салсак, буга чейин 24-майда ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандыктан Жал кичи районундагы Тыналиев көчөсүндө жайгашкан "Батуми" кафеси буздурулган. Окуя коомчулукта кызуу талкууга алынып, УКМК кафени бузуу иштерин алып барган вице-мэр Нурдан Орунтаевге "башка бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү же жок кылуу" жана "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен кылмыш ишин козгогон. Ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 3 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын төлөп берүүгө милдеттендирген.


