Бостеридеги айрым пансионаттар саркынды сууларды токойго агызып жаткан видео тарады




Ысык-Көлдүн Бостери айылында жайгашкан "Би Транс" жана "Асыл-Таш" пансионаттары саркынды сууларды токойго агызып жаткан видео интернетте тарап, кызуу талкууга алынууда.
Видеону бөлүшкөн авторлордун айтымында, аталган пансионаттар саркынды суулар топтолгон бассейндин бир башына сууну токойго агызып жиберүүчү түтүк жайгаштырып койгон. Натыйжада кир суулар токойго жайылып, жаратылышка олуттуу зыян келтирип жатканын айтышкан.
Ысык-Көл ОИИБи "Би Транс" жана "Асыл-Таш" пансионаттарында катталган жогорудагы факты тууралуу билдирүү 30-июлда келип түшкөнүн билдирди.
"Факты Ысык-Көл РИИБи тарабынан каттоого алынып, жеринде кызматкерлер териштирүү иштерин жүргүзгөн. Аталган пансионаттарда жайгашкан саркынды сууларды топтоочу бассейндер толуп кетип, чогулган суу сыртка ташып кеткени белгилүү болду. Учурда иликтөө иштери уланууда", - дешти мекемеден.
видео
