Ошто күч түзүмдөрү арасында өткөн мелдеште ийгилик жараткан милиция кызматкерлери сыйланды















Бүгүн, 31-июль күнү Ош ОИИБинде Ысык-Көлдө өткөн күч түзүмдөрүнүн спорттук мелдешинде ийгилик жараткан кызматкерлерди сыйлоо иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу аталган башкармалыктан билдиришти.
24-28-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында милициянын прапорщиги Бакытбек Абдыраевдин жаркын элесине арналган "Күчтүк үч түрдүүлүк" аталышында (таяк тартыш, таш көтөрүү, аркан тартыш) мелдеш өткөрүлгөн. Күч түзүмдөрү арасында өткөн биринчиликте Ош ОИИБинин командасы чеберчилик көрсөтүп, жалпы эсепте 2-орунду ээлеген.
Спорттук иш-чарага катышып келген Ош ОИИБинин курама командасы коомчулукта резонанс жараткан кылмыштардын бетин ачкандыгы, өзгөчө наркотикалык заттарды ташыган каналга бөгөт койгондугу үчүн жана жана экстремизмге каршы күрөшүү багытындагы алгылыктуу иштери үчүн медалдар жана ардак грамоталар менен сыйланды.
Башкармалыктын башчысы Жеңишбек Жоробеков сыйлык ээлерин куттуктап: "Коомдук коопсуздукту камсыздоодо, кылмыштуулук менен күрөшүүдө, ошол эле убакта спорт жаатында чеберчиликти көрсөтүп, ийгилик жаратуу бул өтө чоң жетишкендик. Бул жетишкендиктер бир сөз менен айтканда ийгилик болгону менен чындыгында анын артында чоң эрктүүлүк, кесипкөйлүк жана мекенчилдик жатат. Спорт менен машыгып, сергек жашоо кечирүү бизге кызматтык милдетти аткарууда зор жемишин берет. Биз ак ниет менен кызмат кылып, милициянын аброюн көтөрүп, кайсыл гана багыт болбосун ийгилик жараткан кызматкерге сөзсүз көңүл бурабыз, колдойбуз", -деди.


