super.kg logo

УКМК эмне себептен айрым камактагылар бошотулуп кетип жатканын түшүндүрдү

 

Коррупция жана башка кылмыштар боюнча айыпталган адамдарды камактан бошотуу учурлары боюнча социалдык тармактарда жана интернет талаасында эки ача ойлор пайда болгондугуна байланыштуу УКМК бул боюнча түшүндүрмө берди.

Кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдардын милдеттерине ылайык кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн жүрүшүндө коомдун жана мамлекеттин кызыкчылыктарын кылмыштардан коргоо камсыздалып, күнөөлүү адамдардын бети ачылып жана жоопкерчиликке тартылат, ошондой эле материалдык зыяндын ордун толтуруу камсыз кылынат. Ушуга байланыштуу улуттук коопсуздук органдары тарабынан кылмыш иштерин тергөөдө кылмыш жасоонун себептерин жана шарттарын, зыяндуу кесепеттерин жоюуга, келтирилген зыяндын ордун толтурууга жана күнөөлүүлөрдү кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн иш боюнча чындыкты аныктоо туралуу өзгөчө көңүл бурулат.

"Бул максаттарга жетүү жана УКМКга жүктөлгөн милдеттерди чечүү үчүн кылмыш иштери боюнча соттолуучуларга карата кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарда белгиленген тартипте, жасалган кылмыштардын оордугуна жараша, тергөөчүнүн өтүнүчү боюнча сот камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасын тандайт. Белгиленген максаттардын ишке ашышына жараша, анын ичинде мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толук толтуруу, айыпкерлердин тергөө менен кызматташуусу жана кылмыштын бетин ачууга жана башка адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга көмөктөшүүчү көрсөтмөлөрдү берүү, ошондой эле айыпталуучуда медициналык корутунду менен ырасталган оорулары бар болсо, тергөө органдары тарабынан айрым учурларда сотко баш коргоо чарасын үй камагына өзгөртүү зарылчылыгы жөнүндө же кетпөө жөнүндө тил кат менен өтүнүч берилет.

Ошону менен бирге УКМК коомчулуктун көңүлүн баш коргоо чарасын өзгөртүү жана айыпталуучуларды камактан бошотуу фактысы алардын эч кандай түрдө кылмыш жоопкерчилигинен бошотулбай тургандыгына бурууну зарыл деп эсептейт, ал эми кылмыш иштери соттук кароонун жыйынтыгы боюнча өкүм чыгарган сот органдарына жөнөтүү менен логикалык жактан аягына чыгарылат. Мурда маалымдалгандай, УКМК тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү иши улантылып, ага тиешеси бар адамдар мыйзамдын чегинде жоопкерчиликке тартылат", - деп билдиришти УКМКдан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
31.07.2023. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толоду деп кайра чыгара берсе кайрале конгон аракетин кыла беретда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: