Камактагы блогер Эртай Искаков Садыр Жапаровго кайрылды (видео)
Жогорку Кеңештин депутаттыгына Ленин округу боюнча талапкерлигин койгон блогер Эртай Искаков өлкө башчы Садыр Жапаровго кайрылуу жасады. Анын кайрылуусун жактоочусу Шердор Абдыкапаров таратты.
Белгилей кетсек, Эртай Искаков учурда камакта.
"Ассалому алейкум урматтуу Садыр Нургожоевич! Мен Эртай Искаков сизге мыйзамдуулук жана адилеттүүлүктүн гаранты катары кайрылам. Буга чейин элдин көйгөйүн суранып келген элем, эми өзүм жана дагы Селекция айылынын эки тургуну СИЗО-1ден кайрылабыз.
Биз сизди элибиздин башчысы катары колдоп келебиз. Эртең, 1-августта Чүй облустук сотунда ишибиз каралат. Бул ишибизди өз көзөмөлүңүзгө алып берүүңүздү суранам, анткени адилетсиздик өрчүп жатат. Урматтуу Садыр Нургожоевич, бизди үй камагына чыгарып берүүңүздү суранабыз", - деп айтылат Эртай Искаковдун билдирүүсүндө.
Ошондой эле жактоочу Шердор Абдыкапаров Эртай Искаков жана Селекция айылынын эки тургунуна коюлган беренелер өтө оор эмес кылмыштарга кирерин айтып, мыйзам боюнча камакка алуу туура эмес экенин кошумчалады.
"Эртай Искаковго коюлган беренелер булар "бейбаштык" жана "Мыйзамсыз жол тосуу". Булар өтө оор эмес кылмыштарга кирип калат. Бул боюнча мейли соттук иш жүрсүн, күнөөлүү же күнөөлүү эместигин сот гана табат. Биз бөгөт чарасын гана карап жатабыз, бөгөт чарасын айтканда өтө оор эмес кылмышка шектүүлөр камакка алынбашы керек. Кайсы учурда камакка алынат? Эгерде туруктуу жашаган жери жок болсо же паспорту жок болсо гана мыйзам боюнча камакка алынат.
Эртай Искаковдун жашаган жери туруктуу деген кагазы бар, паспорту бар, үйүндө жашы жете элек балдары бар", - деди Шердор Абдыкапаров.
Эске салсак, 15-июлда Сокулук районунда блогер Эртай Искаков жана эки тургун жолдорду мыйзамсыз тосууну уюштурган жана бейбаштык кылган деген шек менен кармалган.
17-июлда Эртай Искаковго карата баш коргоо чарасы катары Бишкектеги СИЗО-1ге эки айга камакка алынган.
Эртай Искаков Садыр Жапаровго кайрылуу жасады


