super.kg logo

ИИМ жарандарга жаңы каржы пирамидалардын курмандыгы болуу коркунучу бар экенин эскертет

 

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгы жогорку тобокелчиликтеги жарандарга жаңы каржы пирамидалардын курмандыгы болуу коркунучу бар экенин эскертип, жеңил жана тез киреше алып келүүчү ар кандай шектүү операцияларга катышпоону сунуштайт.

Адамдарды социалдык тармактар аркылуу жарнамаланган көп күч-аракет жумшабастан, жогору пайда таба турган каржы пирамидалары жөнүндө жарыялар кызыктырат. Анын ичинде салымчылар барган сайын көбүрөөк катышуучуларды, атүгүл алардын туугандарын жана досторун тартат.

Алдамчылык долбоорлордун негизги өзгөчөлүктөрү болуп төмөнкүлөр саналат:

- жогорку кирешени убадалаган жарнама;

- тармактык маркетинг принциптеринде бизнести уюштуруу менен катышуучунун кирешеси жаңы катышуучулардын салымынан эсебинен түзүлсө;

- акча каражаттарын тартуу боюнча ишмердикти ишке ашыруу үчүн лицензиянын жоктугу.

Пирамида схемалары өздөрүнүн алдамчылык схемаларын ар кандай жолдор менен жаап-жашырышат жана мындай шектүү уюмдардын максаты – жогору пайда көрүү убадаларына ишенген жарандардын акчасын тартуу болуп саналат. Алар ар кандай артыкчылыктарды, ар бир жаңы мүчө үчүн бонустарды сунушташат, укмуштуудай пайыздарды убада кылышат.

Каржы пирамиданын схемалары мурда эле пайда болгон, бирок алардын уюштуруучулары дагы эле акча алуунун жаңы ыкмаларына өтүп, ишенчээк кардарларды торуна илишүүдө.

ИИМдин Тергөө кызматынын маалыматы боюнча, 2023-жылдын 6 айында ички иштер органдары тарабынан каржы пирамидаларынын мыйзамсыз иш-аракети боюнча 248 кылмыш иши тергелген. Тергөөнүн жыйынтыгы менен 100 материал сотко жөнөтүлүп, калгандары боюнча иликтөө иштери уланууда. Жабыркагандардын саны 248 адамды түзөт.

"Бишкек, Ысык-Көл, Жалал-Абад, Талас облустарынын аймагында өз ишмердүүлүгүн жүргүзгөн каржы пирамидалар боюнча кылмыш иштери тергелүүдө. Бул жерге турак жай кооперативи жөнүндө фактылар боюнча маалыматтар кошулган жок. Ошол эле учурда каржы пирамидаларынын ишмердүүлүгү бөгөттөлгөнүнө көңүлүңүздөрдү бурабыз. Милицияга кайрылган жарандардын баары өткөн жылдардагы каржы пирамидасынын курмандыктары болушат.

- “Финико” каржы пирамидасынын ишмердүүлүгү боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Тергелип жаткан кылмыш иштеринин жалпы саны 141, келтирилген материалдык чыгым 8 миллион 45 миң сом, ошондой эле 1 миллион 687 миң доллары жана 711 миң сом.

-“World Business Consulting” каржы пирамидасы боюнча 12 кылмыш иши тергелген, жарандарга 301 миң доллардан ашык зыян келтирилген.

- “Ихсан ЛТД Групп” боюнча 1 кылмыш иши тергелип жатат, келтирилген зыян 870 миң сом.

-“NWORK” боюнча 1 кылмыш иши козголгон. Келтирилген чыгым 870 миң сомду түзүп, келтирилген зыяндын орду толтурулган.

- “Докодемо” боюнча 25 кылмыш иши тергелип жатат, келтирилген зыян 1 миллион 379 миң сом.

- “ОК платформа” боюнча 67 кылмыш иши тергелип, материалдар андан ары кароо үчүн сотко жөнөтүлдү. Келтирилген чыгым 23 миң долларды түзөт", - деп билдиришти ИИМдин басма сөз кызматынан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: