super.kg logo

Тышкы иштер министри Кулубаев Швецияда Куран китебинин өрттөлүшү боюнча пикирин билдирди

 

Кечээ, 31-июлда Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Швецияда Куран китебинин өрттөлүшү боюнча пикирин билдирди. Бул тууралуу аталган министрликтен кабарлашты.

Маалым болгондой, министр Кулубаев Швеция Королдугунун Тышкы иштер министри Тобиас Билльстрём менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Швециянын эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташуу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Швециянын Тышкы иштер министри Куран китебинин өрттөлүшүнө байланыштуу кырдаал тууралуу кыскача маалымат берип, бул маселе боюнча Швеция өкмөтүнүн позициясын белгилеген. Ал эми Жээнбек Кулубаев Швециянын расмий органдары элдин диний сезимдерине таасир эткен мындай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча чараларды көрүшү керек деген пикирин билдирди.

Эске салсак, Швецияда Куран китебин өрттөгөн акция бир нече ирет уюштурулду. Кечээ, 31-июлда Швециянын борбору Стокгольмдогу Минтторгет аянтында кайрадан Куран китеби өрттөлгөн. Ага чейин 20-июлда ирактык Салван Момика менен Салван Нажем Ирак элчилигинин алдында Куран китебин тебелешсе, 28-июнда шаардык полициянын уруксаты менен Стокгольмдогу мечиттин жанында Ыйык китепти өрттөшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: