Кытайдан келген дарыгерлер көзгө жасай турган бекер 600 операция кайсы жерде жасалары айтылды
Бишкекте 12-26-сентябрда кытайлык офтальмологдор кыргызстандыктардын көзүн текшерип (катаракта илдети боюнча) жана зарыл болсо операция жасайт. Алдын ала текшерилүү жана жазылуу Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасында болот. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
"Бейтаптарды алдын ала текшерип жана каттоо Улуттук госпиталдын мобилдик клиникасында 7-августтан 8-сентябрга чейин Тоголок Молдо көчөсү, 1/7 дареги боюнча жүргүзүлөт. Каалоочулар дүйшөмбүдөн ишембиге дейре саат 9.00дөн 17.00гө чейин келсе болот", - деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары келгендердин жанында ким экендигин аныктаган документи жана күбөлүктөрү (пенсионерлигин, майыптыгы бардыгын, баатыр эне экендигин ж.б. күбөлөндүргөн) болушу керектиги кошумчаланды.
Белгилей кетсек, адистерден турган топтун Бишкекте 300, Ош калаасында 300 адамдын көзүнө операция жасаары айтылган.


