super.kg logo

Чек арадагы жаңжалдарда жабыркагандардын жөлөк пулун көбөйтүү сунушталды

 

1-августтан тарта министрлер кабинети 2021-2022-жылдары Баткен жана Ош облустарындагы чек ара кагылышууларында жабыркагандарга жана каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө ай сайын берилүүчү социалдык жөлөк пулдун өлчөмүн 5 миң 500 сомго чейин көтөрүүнү сунуштады. Тиешелүү токтом долбоору Эмгек министрлиги тарабынан демилгеленип, 31-июлда коомдук талкууга коюлду.

Жөлөк пулдарды төмөнкүлөр алат:

- каза болгон адамдардын балдары - 18 жашка чыкканга чейин;

- каза болгон адамдардын ата-энелери - пенсия курагына жеткенге чейин, эгерде каза болгон адам жалгыз уул болсо - өмүр бою;

- ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү деп табылган жабырлануучуларга - майыптыгы аныкталган күндөн тартып медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын корутундусунун мөөнөтү аяктаганга чейин.

Учурда мындай жөлөк пулду алуучулардын саны 60 адамды түзөт. Токтом долбоору күчүнө киргенден кийин жөлөк пул алгандардын саны 77 адамга көбөйөт.

Белгилей кетсек, акыркы ири жаңжал 2022-жылдын 14-17-сентябрында Баткен облусунда болгон. Мамлекеттик чек аранын бардык периметри боюнча кагылышуулар болгон. Жаңжалдын кесепетинен 63 кыргызстандык набыт болуп, дагы 206 адам жаракат алган. Тажик бийликтери бул жаңжалда 41 адам каза болуп, 20дан ашуун адам жаракат алганын белгилеген. Бирок «Озоди радиосу» (Азаттык радиосунун тажик бюросу) өз булактарына таянып, 83 адамдын өлүмү тууралуу жазган.

2021-жылдын апрель айында да кыргыз-тажик чек арасында дагы бир ири жаңжал чыккан. Кыргызстан тараптан болгон кагылышуулардын натыйжасында 36 адам каза болуп, 154ү жараат алган. Тажик бийлиги 19 тажикстандык каза болуп, 87 киши жарадар болгонун билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: