super.kg logo

Бишкекте 20-августтан тарта коомдук транспорттор накталай эмес төлөмгө өтөт

 

20-августтан тарта Бишкектин коомдук муниципалдык транспортунда накталай төлөмдөр алынып салынат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына калаа мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, мындай кадам санариптештирүү жана шаардык коомдук транспортту жакшыртуу боюнча комплекстүү кадамдардын алкагында ишке ашырылып жатат. Тактап айтканда, 2020-жылдын март айынан бери Швейцариялык BPC KG компаниясы борбор калаада "Тулпар" электрондук билеттерин сатуу долбоорун ишке ашырууда.

Маалыматта жарандардын электрондук төлөмгө ыңгайлуу жана кыйналбай өтүүсү үчүн система эки жыл ичинде акырындык менен ишке киргизилгени белгиленет.

"Эми 20-августтан тарта муниципалдык транспортто жол киреге накталай акча кабыл алынбайт. Атайын акция боюнча жүргүнчүлөр стандарттык транспорттук картаны айдоочулардан 30 сомго сатып алса болот", - деп айтылат билдирүүдө.

Жүргүнчүлөр төмөнкү жолдор менен төлөй алат:

- үч категориядагы "Тулпар" транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);
- Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
- Виртуалдуу NFC картасы;
- Тулпар жана Balance тиркемесинде QR сканерлөө;
- Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.

Жарандар стандарттык көк карталарды "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын кеңселеринен, "О!", "Мегаком", "Билайн" мобилдик операторлордун кеңселеринен жана автобус, троллейбус айдоочуларынан сатып алса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: