super.kg logo

Ошто жарандарга үй алып берем деп алдап кеткен шектүүлөр кармалды

 

Ош шаарында "Араб фондунан" үй алып беребиз" деп жарандарды 75 миллион сомдон ашык акчага алдап кеткен үч шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Ош шаардык Ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүнкү күнгө карата милицияга 74 адамдан арыз түшкөн. Жабырлануучулардын саны андан да көп болушу мүмкүн деп болжолдонууда.

Ага ылайык, шылуундарга алданып калган жарандардын ичинен эң аз акча бергени 350 миң сом болсо, эң көбү 11 миллион сомду түзөт. Шылуундар 350 миң сом берген адамга Монуев көчөсүндөгү өздөрү алдын ала ижарага алган батирди көрсөтүп, "ушул батирди беребиз" деп акчасын алышкан. Ал эми, 11 миллион сом берген жаранга Ош шаарынан көп кабаттуу үйдөн батир, дүкөн жана жер үй убада кылышкан.

Жабыркаган жарандардын көпчүлүгү Ош шаарынын, Ош, Баткен облустарынын тургундары болушат.

Милиция кылмышка шектүү катары 28 жаштагы М.А, 38 жаштагы С.Г. жана 39 жаштагы Н.К. аттуу жарандарды кармаган. Шектүүлөр 24-июлда колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Бирок 26-июлда Ош шаардык соту үч шектүүнү тең үй камагына чыгарган.

Учурда шектүүлөрдүн үстүнөн «алдамчылык» беренеси боюнча тергөө иштери уланууда.

Ош шаардык милициясы шектүүлөрдүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды тергөө кызматына кайрылуусун суранат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
01.08.2023. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Акча бергендери дагы, акча алгандары дагы женил оокатка азгырылгандар. 11млн сомун алдырганы бул ачкоздуктон эле. Ага эмне жетпейт билбейм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: