"Бишкек жарык" муниципалдык ишканасы тышкы жарыктандыруу тармактарын реконструкциялоо иштерин улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 1-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, ишкананын жумушчулары Красный строитель конушун жарыктандырды. Үч Коргон, Чоң Коргон, Гончарный көчөлөрүндө жарыктандыруу иштери жүргүзүлдү.
Мындан тышкары алар кубаттуулугу 100 Вт болгон 42 светодиоддук чырактарды орнотуп, 1400 метрге жакын өзүн өзү көтөрүүчү изоляцияланган зымды (SIP) орнотушту.
"Урматтуу шаар тургундары! Көчөңүздө капыстан караңгы болуп калса, ишкананын авариялык-диспетчердик кызматы ар дайым сиз үчүн иштейт: (0312) 46-30-89, 57-63-51, WhatsApp: 0777 902-115", - деп айтылат маалыматта.
Бишкекте Красный строитель конушу жарыктандырылды
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
8:19
2025-07-14
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.