Сууга чөккөн 2 өспүрүмдү куткарып калган Даниил Дрыгого сыйлык тапшырылды





Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга чөккөн эки өспүрүмдүн өмүрүн сактап калган Даниил Дрыгого сыйлык тапшырды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта аталган министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, 16 жаштагы Даниил Дрыго ушул жылдын 22-май күнү Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен 10-11 жаштагы 2 өспүрүмдү куткарып калган. Министрлик анын эр жүрөктүүлүк менен жасаган эрдигин жогору баалап, министр Бообек Ажикеевдин жеке тапшырмасы менен атайын медаль тапшырды.
"ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын өздүк курамы жаштарга жана келечек муундарга үлгү боло турган Даниил Дрыгого ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Даниил Дрыго Бишкектеги №52 мектептин окуучусу. Ал гребля спорту менен алектенет. Сууга чөккөн өспүрүмдөрдү куткарууда ага жолдон өтүп бараткан автобус айдоочусу дагы жардам берген. Бирок ал жарандын ким экендигин билип, сүйлөшүүгө үлгүрбөй калышканын Даниилдин машыктыруучусу Оксана Бабак маалымат каражаттарына айтып берген.


