super.kg logo

Бишкекте Казакстандан алып келинген көмүрдүн биринчи партиясы текшерилди

 

Казакстандан алып келинген Шабыркүл көмүрүнүн биринчи партиясы Бишкекте текшерилди. Мындай чара шаарды ыштан арылтууну алдын алуу максатында көрүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-августта ЖЭБдин айланасында Казакстандан келген Д маркасындагы 12 миң 774 тонна Шабыркүл көмүрүнүн биринчи партиясын текшерүү максатында көмүрдүн үлгүлөрүн анализге өткөрүү үчүн алынды.

"2023-жылы импорттолгон Д маркасындагы таш көмүрдү 550 миң тоннага чейин пайдаланууну көбөйтүү жана жергиликтүү Б3 маркасындагы күрөң көмүрдү пайдаланууну 650 миң тоннага чейин азайтуу каралган. 2022-жылга салыштырганда импорттолгон Д маркасындагы таш көмүр - 400 миң тонна, жергиликтүү Б3-1050 миң тонна күрөң көмүр колдонулган", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, сентябрь айында жергиликтүү Кара-Кече көмүрүнүн биринчи партиясы келгенде лабораториялык анализден өткөрүү үчүн үлгүлөр алынат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: