super.kg logo

Бишкек-Балыкчы каттаган поезддин ВИП, Люкс вагондорунун терезелерин белгисиз жарандар талкалашты

 

Балыкчы-Бишкек багыты боюнча каттаган поезддин терезелерин белгисиз жарандар сындырып кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта "Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 1-август күнү кечки саат 21:18 чамасында Дмитриевка-Кант станциясынын аймагында бара жаткан №609 поездде жагымсыз окуя катталган. Анда белгисиз жарандар көчө тараптан поезддин терезелерин талкалап салышкан.

Окуяда поезддин "ВИП" жана "Люкс" вагондорунун терезелери сынып, ошондой эле жөнөкөй вагондун 9-купесинин, жумушчу вагонго өткөн тамбурдун айнектери талкаланган. Поезд кызматкерлери терезелерди убактылуу скотч менен чаптап, андан ары жолду улантууга аргасыз болушкан.

"Бул көрүнүш жүргүнчүлөргө жана туристтерге ыңгайсыздык гана жаратпастан, алардын коопсуздугуна да чоң коркунуч келтирди. Поезд жолунун боюнда жашаган жергиликтүү тургундардан тартипти жана жоопкерчиликти бекем сактоосун өтүнөбүз. Сураныч, поезддин жүргүнчүлөрү үчүн кооптуу жагдайларды жаратпаңыздар. Мындай жагымсыз окуя материалдык гана зыян келтирбестен, адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна да коркунуч келтирет. Темир жол транспортунда коомдук тартипти жана коопсуздукту сактоо ар бирибиздин милдетибиз", - деп айтылат "Кыргыз темир жолу" тараткан маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: