Мигранттар Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылына 4 аялдама куруп беришти







Кадамжайда Москва шаарындагы "Кызыл-Булак" фондунун жамаатынын демилгеси менен Кызыл-Булак айылына төрт аялдама куруп беришти. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 2-августта аталган бирикменин мүчөсү Зулпидин Нурматов билдирди.
Анын айтымында, колдонууга берилген 4 аялдамага болгону 164 миң 290 сом сарпталган.
"Аялдаманы куруу иштерине жалпы 164 миң 290 сом сарпталды. "Кызыл-Булак" фондунун эсебинен 140 миң 920 сом кетти. 1993-жылкы жигиттер жалпы 19 миң 500 сом кошкон. Мындан тышкары Билалов Нурбек 2 миң сом, Билалов Хикматулла 1700 сом, Абсаттаров Манас 330 сом кошумчаларын беришкен.
Белгилей кетсем, Лангар аялдамасы, Кысык аялдамасы, Гайрат аялдамасы , Жаңы-Көпүрө аялдамалары жаңы салынып, Элпейсеки аялдамасында оңдоо түзөө иштери жүрдү. Учурда аялдамалар толугу менен бүткөрүлүп, колдонууга берилди", - деди Зулпидин Нурматов.


