super.kg logo

Кара-Кулжадагы өрт жалмаган мектептин директору окуянын чоо-жайын айтып берди

 

Бүгүн, 2-августта Кара-Кулжада өрттөнгөн мектептин директору Баатырбек Кулеков SUPER.KG порталына окуянын чоо-жайын айтып берди.

Анын айтымында, мектептин эскилиги жеткендиктен улам тилсиз жоо имаратка чагылгандай тездик менен жайылган.

"Саат 12лерде өрт чыкканын кызматкерлерден уктум. Усталар иштеп жаткан, алар кеткенден кийин эле өрт чыгыптыр. Кандай болуп өрт чыкканы белгисиз. Өрттөнгөн мектеп эски мектеп болчу. Эки мүнөттүн ичинде эле өрттөнүп, баары түшүп калыптыр. 2015-жылы жаңы мектеп салынсын деген чечим чыккан. 2 жылдан бери өрттөнгөн эски мектептин жанында жаңы мектептин курулуш иштери жүрүп жатат, биринчи кабаты бүткөн. Жакында экинчи кабатын куруп башташат. Кийинки жылдын январь айында колдонууга берилиши керек болчу", - деди Кулеков.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош облусундагы Кара-Кулжа районуна караштуу Кайың-Талаа айылындагы Кебек Мамаев атындагы орто мектепте өрт чыкканы кабарланган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: