super.kg logo

Бишкекте өз үйүндө киши колдуу каза тапкан УКМКнын кызматкерин өлтүрүүгө шектүү эки айга камалды 

 

Бишкектин Жал кичи районунда өз батиринде киши колдуу каза тапкан аялдын өлүмүнө шектелген жаран эки айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-авустта SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдирди.

"Ленин райондук соту Бишкектеги №21 тергөө абагына (ред: эл арасында СИЗО №1 деп айтылып келет) эки айга камакка алуу чечимин кабыл алды", - деп айтылат билдирүдө.

Ошондой эле учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыгы, бардык керектүү экспертизалар дайындалганы кошумчаланды.

Маалыматты Ленин райондук соту да ырастап, сот отуруму 30-июлда болгонун жана шектүү 29-сентябрга чейин камакта калтырылганын билдирди.

Эске салсак, 29-июлдун кечинде айрым жалпыга маалымдоо каражаттары Жал кичи районунда УКМКнын кызматкери, 40 жаштагы аял киши өз батиринде киши колдуу каза болгонун жазып чыккан. Анда маркум аял менен кармалган эркек киши чогуу жашаганы, ошондой эле окуя болгон учурда үйдө аялдын жашы жете элек баласы болгондугу айтылган.

Ленин РИИБинин басма сөз кызматкери SUPER.KG порталына окуя 28-июль күнү саат 21:40 чамасында орун алганын, батирлердин бирине чакырууга барган "Тез жардам" аялдын каза болгонун жана денесиндеги жаракаттарды аныктаганын, ага шектүү катары 32 жаштагы эркек киши кармалганын билдирген. Бирок, маркум УКМК кызматкери болгон деген маалымат боюнча комментарий берүүдөн баш тарткан.

УКМК окуя боюнча үн ката элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: