Бишкекте Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы тарабынан Бакаев көчөсү 140/5 дарегинде жайгашкан муниципалдык аймакка мыйзамсыз орнотулган темир тосмолор алынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, аталган башкармалыктын кызматкерлери "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.

Белгилей кетсек, иштин жүрүшүндө 151 метрди түзгөн темир тосмо жана 40 тонналык эки контейнер алынды. Мыйзамсыз тосмодон бошотулган муниципалдык жердин жалпы аянты 1400 чарчы метрди түзөт.

"Буга чейин башкармалык тараптан муниципалдык аймакты мыйзамсыз орнотулган объекттерден, уруксатсыз имараттардан жана курулмалардан бошотуу боюнча эскертүүлөр берилген", - деп айтылат маалыматта.