super.kg logo

Бообек Ажикеев Ысык-Көлдөгү сел жүргөн аймакка барды (сүрөт)

 

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ысык-Көлдөгү сел жүргөн аймакка барды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта аталган министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, кечээ, 2-августта саат 19:00 чамасында нөшөрлөп жааган жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суулары Ысык-Көлдүн Түп районунун Байзак айылындагы 6 турак үйдүн жана Кең-Суу айылындагы 2 үйдүн жер төлөсүн каптады.

"Жергиликтүү тургундар менен кезиккен министр түнү менен суу кирген үйлөрдүн жер төлөлөрүн куткаруучулар мотопомпанын жардамы менен сууну сордуруп чыгарын, таң эрте жергиликтүү жарандык коргонуу кызматтары тартылып, жабыр тарткан башка турак үй жана айдоо талааларын аныктап чыгып, тиешелүү иштер жүргүзүлөт деп баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле аймактын эли Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишмердүүлүгүнө байланышкан бир катар суроолоруна жооп ала алышты.

Учурда жогорудагы айылдардагы турак үйдүн короо жана жер төлөсүн ӨКМнын куткаруучулары тазалоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: