super.kg logo

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөр киргизилди

 

Президент Садыр Жапаров "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта президенттин маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, аталган мыйзам 2023-жылдын 22-июнунда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

"Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 27-беренесинин 1-бѳлүгүндѳ соттук териштирүүнүн убагында прокурор айыптоону колдоодон баш тартканда сот өндүрүшүн жокко чыгаруучу жагдай болуп саналат.

Кабыл алынган мыйзамдын 1-беренесинин 1-пункту менен аталган жагдай (соттук териштирүүнүн убагында прокурор айыптоону колдоодон баш тартканда) реабилитациялоочу жагдайлардын тизмесине киргизилди", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле кабыл алынган мыйзамдын 1-беренесинин 3,4-пункттары менен Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин мамлекеттик жана расмий тилдердеги тексттериндеги айырмачылыктарды жоюуга багытталган айрым орфографиялык түзөтүүлөр киргизиле турганы маалымдалды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: