super.kg logo

Өлкөдө жакында жаңы төрт өндүрүш ишканасы ачылат

 

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев өлкө президенти "Бишкек машина куруу заводу" ачык акционердик коомунун жана "Бишкек штамптоочу заводу" мамлекеттик ишканасынын базасында жаңы өндүрүш ишканаларын түзүү боюнча тапшырмасына ылайык Кыргызстандын Өнүктүрүү фонддорунун жана Мамлекеттик банктарынын жетекчилери менен көчмө жыйын өткөрдү.

Көчмө жыйында Өнүктүрүү фонддордун жана Мамлекеттик банктардын колдоосу жана каржылоосу менен жаңы заманбап өндүрүш ишканаларын түзүү, аларды толук өндүрүш кубаттуулугуна жеткирүү, чыгарылган продукциянын көлөмүн жогорулатуу, өлкө өндүрүшүн өнүктүрүү боюнча пландар талкууланып бир орток пикирге келишти.

"Кыргызиндустрия" ачык акционердик коомунун тутумуна кирген бир катар ишканаларды кыдырып чыккан Бакыт Төрөбаев, 2023-жылдын сентябрында жаңы төрт өндүрүш ишкана ачылаарын билдирди. Атап айтсак алар, "Кыргыз бетон курулуш", "Кыргыз топчу", "Кыргыз электроника", "Кыргыз темир мык" ишканалары.

Маселен, "Кыргыз бетон курулуш" ишканасына үйлөргө панел жасай турган заманбап жабдыктар коюлган. Жабдыктарды монтаждоо иштерин Италия Республикасынан келген адистер жүргүзгөн. Завод ишке киргенден тартып жергиликтүү суроо-талапты гана камсыздабастан, экспортко чыгуу мүмкүнчүлүгү дагы түзүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: