Бишкек-Нарын жолундагы жол кырсык: Жабыркагандардын абалы айтылды
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолундагы жол кырсыгынан 20 киши ооруканага кайрылды. Анын 15и сынык жаракат алып кайра жандандыруу жана хирургия бөлүмдөрүнө жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директорунун орун басары Эламан Алиев SUPER.KG порталына билдирди.
Анын айтымында, бир бейтаптын абалы оор. Ал эми алтоонуку туруктуу оор болсо, төртөөнүн абалы орто деп бааланып жатат.
"30-июлда саат 10:00 чамасында Нарын районунун Эмгекчил айылында кичи автобус менен Тойота-РАВ-4 кагышып, андан жаракат алган 20 адам биздин ооруканага кайрылган. Анын бешөөнө амбулатордук жардам көрсөтүлүп, Бишкек шаарына кетишкен. Учурда ооруканада жаткандардын саны он бир. Алардын бири хирургия бөлүмүндө, экөө кайра жандандыруу бөлүмүндө, ал эми сегизи сынык жаракат бөлүмүндө", - деп билдирди Алиев.
Эске салсак, буга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда Мерседес-Бенц Спринтер менен Тойота-РАВ-4 үлгүсүндөгү унаалар кагышып, жол кырсыгы катталганы кабарланган.


