super.kg logo

Садыр Жапаровдун айылына өзгөчө кырдаал режими киргизилди 

 

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Байзак жана Кең-Суу айылдарында Өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу бүгүн, 3-августта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, селдин кесепеттерин аныктоо, адамдардын өмүрүн сактоо, авариялык куткаруу жана башка кечиктирилгис чараларды өз убагында аткаруу үчүн аталган айылдарга өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

"Бүгүн таң эрте суу каптаган 38 үйдү тазалоого 3 мотопомпа, 1 өрт өчүрүүчү автоунаа тартылган. Мындан сырткары авариялык куткаруу автоунаасы, 1 жол сүрүүчү грейдер, 1 жүктөгүч, 3 экскаватор жеринде тазалоо жумуштарын аткарып жатышат. ӨКМнын Ысык-Көл облустук башкармалыгынан 62 аскер кызматкер жана жергиликтүү Жарандык коргонуу кызматынан 50 адам тазалоо иштерине чыгышкан. Буга кошумча 2 аценизатордук унаа жана 80 аскер кызматкери тартылды", - деп айтылат маалыматта.
Кечээ саат 19:00 чамасында нөшөрлөп жааган жаандан улам Түп районундагы Байзак жана Кең-Суу айылдарын сел каптаган. Жерине Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев барып, аймакта жаралган кырдаал менен таанышкан.
Белгилей кетсек, өлкө башчы Кең-Суу айылы өлкө башчы Садыр Жапаровдун кичи мекени.





Сел каптаган Байзак жана Кең-Суу айылдары

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: