super.kg logo

Кара-Сууда жасалма акча менен элди алдап жүргөндөр кармалды

 

Ош облусунда жасалма акча менен элди алдап жүргөндөр кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-июлда Ош ОИИБине Кара-Суу районунун 28 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Жабырлануучунун айтымында 15-июль күнү Кара-Суу районунун Мады айылындагы май куюучу жайлардын бирине 25-30 жаштардагы белгисиз жаран келип, 2000 сомго күйүүчү май куйган. Бул үчүн ал 100 доллар берип, кайтарым акча катары 6700 сом алган. Ошондой эле дагы бир 100 долларды 8700 сомго алмаштырып кеткен. Тейлөөчү 16-июль күнү отчёт тапшырып жаткан учурда аталган акча каражаттары жасалма экендиги белгилүү болгон.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин (Жасалма акчаны же баалуу кагаздарды жасоо) негизинде кылмыш иши козголгон. Ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 30 жаштагы Ж.А. аттуу тургуну кармалганы белгилүү болду.

Ошондой эле ага кылмыштуу иште шериктеш болгон ошол эле райондун 35 жаштагы Ж.Т. жана 32 жаштагы Т.Д. аттуу жашоочулары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгени айтылды.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүүлөр жеңил пайда табууну көздөшүп, Кара-Суудагы 4 май куюучу жайдан жалпы 1000 долларды кыргыз сомуна алмаштырып кеткени аныкталган. Учурда тергөө амалдары уланып жатканы кошумчаланды.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: