super.kg logo

Аксыда 9 жашар баланын көзүнө тир мылтыгынын огу тийген окуя боюнча милициянын маалыматы

 

Аксы районунда 9 жаштагы баланы тир мылтыгы менен тууганы атып алган. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Жалал-Абад облустук милициясынан SUPER.KG порталына билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-август күнү болжол менен саат 18:00 чамасында Жалал-Абад облустук ооруканасынын дарыгери тарабынан милицияга маалымат түшкөн. Анда Аксы районунун Жерге-Тал айылынын тургуну 9 жаштагы А.К. аттуу баланы Н. аттуу тууганы ойноп жатып тир үлгүсүндөгү курал менен кокусунан көзүнө атып жиберген деп билдирген.

Натыйжада А.К. Жалал-Абад облустук балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Аталган факты боюнча Аксы РИИБинин маалыматтарды электрондук каттоо журналына "кокустук" деп катталып, азыркы учурда териштирүү иштери жүрүп жаткандыгы айтылды.

Белгилей кетсек, буга чейин Аксы районунун Жерге-Тал айыл аймагында 9 жаштага баланын көзүнө тир мылтыгынын огу тийип, ооруканага түшкөнү маалымдалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: