Ташкент – Бишкек – Ташкент багыты боюнча аба каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда

“Ташкент – Бишкек – Ташкент” багыты боюнча аба каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда. Бул тууралуу бүгүн, 4-августта Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Белгиленгендей, мындай чечим Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Муса Жаманбаев менен “Uzbekistan Airways” АК башкармалыгынын төрагасы Шухрат Худайкуловдун жолугушуусунда кабыл алынды.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар жарандык авиация тармагынын учурдагы актуалдуу маселелерин жана перспективдүү багыттарын талкуулашты.
Ошол эле учурда өлкөлөр ортосундагы учуулардын географиясын кеңейтүүгө жана эки өлкөнүн улуттук авиаташуучулары тарабынан учууларды аткаруунун жыштыгын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүнө өзгөчө көңүл бурулду.
Эки өлкөнүн жана чет өлкөлөрдүн туристтеринин чоң кызыгуусун эске алуу менен өзбек тарапка “Самарканд – Тамчы – Ош – Ташкент” багыты боюнча жаңы сезондук авиакаттамдарды карап чыгуу жана апробациялоо сунушталды.
Өз кезегинде “Uzbekistan Airways” жетекчилиги “Ташкент – Бишкек – Ташкент” багыты боюнча авиакаттамдарды көбөйтүү планын белгиледи. Тараптар авиакаттамдардын көбөйүшү туристтик чөйрөгө оң таасирин тийгизет деген пикирге келишти.
