super.kg logo

Баткенде уникалдуу “Дугаба” туристтик базасы ачылды

 

Баткенде уникалдуу “Дугаба” альпинисттик- туристик базасынын ачылышы болду. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, “Дугаба” альпинисттик-туристтик базасы Токой экосистемаларынын интеграциялап башкаруу долбоорунун алкагында, Бүткүл Дүйнөлүк Банктын жана Глобалдык Экологиялык Фонддун каржылоосу менен дээрлик 34 миллион сомго толук жаңыланып, туристер үчүн эс алууга ыңгайлуу шарттар түзүлдү.

Дугабада учурда эс алуучулар үчүн бардык заманбап шарттары менен 84 орун бар.

Эс алуу базасынын жалпы аянты 40 гектарды түзөт.

Белгилей кетсек, “Дугаба” эс алуу комплекси 1997- жылы негизделген. Ал Кадамжай шаарынан 31 чакырым алыс аралыкта жайгашкан.

Дугаба туристик базасына коңшу Өзбек Республикасынын Шахимардан анклавы аркылуу өтөт.

“Дугаба” капчыгайы – альпинизмди өнүктүрүүгө ыңгайлуу чокулары, уникалдуу пейзажы жана туристтер үчүн жагымдуу шарттары менен өзгөчөлөнөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: