31-декабрда Бишкекте Аяз ата жана Аяз кыздардын салтанаттуу жүрүшү өтөт
31-декабрь күнү
Бишкекте Аяз ата жана Аяз кыздардын салтанаттуу жүрүшү болот. Бул тууралуу
бүгүн, 13-декабрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.
Автор: Темирбек Матаев
Салтанаттуу
жүрүштүн башында Аяз ата менен Аяз кыз турат. Алар атайын автоунаага түшүп алып шаар тургундарына куттуктоо сөздөрүн айтышат. Аларды Аяз ата кийимин кийишкен Бишкек мэриясынын оркестринин
музыканттары коштошот. Ошондой
эле салтанаттуу жүрүшкө чыгармачыл адамдар ар кыл улуттун кийимдери менен
чыгышат.
Белгилей кетсек, салтанаттуу жүрүштүн катышуучулары 31-декабрь күнү саат 9:30да “Ала-Тоо”
кинотеатрынын жанына чогулушат. 10:00дө алар Чүй проспекти аркылуу Бишкек
мэриясына барышат. Саат 11:00дө “Ала-Тоо” аянтында концерт уюштурулат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.