super.kg logo

Дизелдин баасы төмөндөйт. Камчыбек Ташиев нефтетрейдерлер менен жолугушту

 

Нефтетрейдерлер дизель майынын баасын төмөндөтүүгө макул болду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалым болгондой, бүгүн, 5-августта УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алтынбек Абдуваповдун, Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбек Тайлаковдун жана ошондой эле күйүүчү май рыногунда баа түзүү маселеси боюнча ата мекендик мунай рейдерлеринин өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Камчыбек Ташиев бүгүнкү күндө нефтетрейдерлер дизель майын жогорулатылган баада сатып жатканын белгиледи

“Буга байланыштуу нефтетрейдерлерге социалдык багыттагы баа саясатын кармануу сунушталып, бааларды төмөндөтүү зарылдыгы эскертилди. Ошондой эле бааны төмөндөтүү жана мындан кийин дизелдин бир литрин 63-64 сомдон ашырбоо зарылдыгы белгиленди”, — деп айтылат билдирүүдө.

Өз кезегинде нефтетрейдерлер дизель майынын баасын төмөндөтүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүнү макулдашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: