"Ала-Арча" капчыгайына кеткен боюнча дайынсыз болгон жарандын сөөгү табылды. Анын 8 жаштагы кызы изделүүдө
"Ала-Арча" капчыгайынан 41 жаштагы Борис Михайловдун жансыз денеси табылды. Ал эми анын 8 жаштагы кызы Руфинаны издөө иштери уланууда. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалымдалгандай, анын жансыз денеси саат 09:53тө дарыядан табылган.
Борис Михайлов кызы менен "Ала-Арча" паркына 3-августта кеткен. Ошондон бери алардын дайыны чыкпай жаткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.