super.kg logo

Билим берүү министри ШКУнун жайкы лагерине катышкан окуучулар менен жолукту 

 

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттеринин “жаш журналисттери” жайкы лагерине катышып келген окуучуларды кабыл алды. Бул тууралуу бүгүн, 7-августта аталган министрликтен билдиришти.

Министрликтен маалымдалгандай, жайкы лагерь 14-26-июль күндөрү Пекинде өткөн. Окуучулар министрге лагерден үйрөнгөн тажрыйбаларын, алган сезимдерин, келечек пландарын айтып беришти.

Министр окуучуларга билим алуунун маанилүүлүгүн айтып, маалыматтык технологияларды өздөштүрүү учурдун талабы экендигин белгиледи.

"Нарын районундагы Түгөл уулу Усупбек атындагы орто мектебинин 10-классынын окуучулары Эркайым Замирбек кызы жана Наиля Жанарбек кызы мугалими Казыбек Асылбековдун жетекчилигинде жайкы лагерге барып келишти", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, аталган лагерге ШКУга мүчө тогуз мамлекеттен 18 жаш өкүл катышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: