super.kg logo

Болот Абдрахманов “Ата-Бейит” комплексинин жетекчиси болуп дайындалды

 
Бүгүн, 7-август күнү илимий кызматкер Болот Абдрахманов “Ата-Бейит” улуттук тарыхый мемориалдык комплексинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, жаңы дайындалган директорду эмгек жамаатка министрдин орун басары Чынгыз Эсенгул уулу тааныштырып, алдыдагы иштерине албан ийгиликтерди каалаган.
Болотбек Абдырахмановдун өмүр баяны:
Абдрахманов Болотбек Жумашевич, 1958-жылы Ысык-Көл облусунун Тамчы айылында туулган.
Жогорку билимдүү, 1975-жылдан 1980-жылга чейин Фрунзе шаарындагы Политехникалык институтунун механикалык факультетин аяктаган;
1987-жылы Москва шаарындагы СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин Дзержинский атындагы жогорку мектебинде билим алган.
Ж.Баласагын атындагы КУУнун Тарых жана чөлкөм таануу факультетин бүтүргөн, тарых илимдеринин доктору;
Эмгек жолу:
1982-жылдан 1984-жылга чейин Автотехкызмат системасында инженер;
1984-1985-жылдары - Фрунзе шаарындагы Кыргызстан Октябрь ЛКСМ РК 2-катчысы;
1985-жылдан 1987-жылга чейин Москва шаарындагы Дзержинский атындагы СССР КГБнын Жогорку мектебинин угуучусу;
1987-жылдан 2006-жылдын январына чейин-Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы;
1994-1998-жылдары – Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук кызматынын маалымат-аналитикалык борборунун начальниги;
1998-жылдан 2002-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук кызматынын Ысык-Көл, 2002-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук кызматынын Чүй облустук башкармалыгынын башчысы;
2010-жылдын майынан 2011-жылдын январына чейин-Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору;
2017-жылдын сентябрынан 2018-жылга чейин И.Арабаев атындагы КМУда доценттин милдетин аткаруучу;
2019-жылдан бүгүнкү күнгө чейин "Ата-Бейит" улуттук тарыхый-мемориалдык комплексинде илимий кызматкер болуп эмгектенген.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: