super.kg logo

О! компаниясынан Java Backend Developer боюнча акысыз стажировкадан өтүп ал!

 

Алдыңкы IT иштеп чыгуучулардын катарын толуктагың келеби – анда максатыңа жет! О! Мобилдик оператору менен DevCats компаниясы «Intern Labs 5.0» корпоративдик программасынын алкагында акысыз окууга чакырат.

Эгер бул чөйрөдө базалык билимиңиз болуп, аны тереңдетүүнү жана кыялыңыздагы жумушта иштөөнү максат кылып келсеңиз, анда сизге мындай мүмкүнчүлүк берилет, колуңуздан чыгарып жибербеңиз!

Backend Developer деген ким?

Backend Developer – бул программалоо тилдеринин (Java, C#, Python, JavaScript, C++ жана башкалардын) жардамы менен сайттарды, оюндарды, компьютердик программаларды, мобилдик тиркемелерди жана веб-сервистерди иштеп чыгуучу адис.

Талапкерлерге коюлуучу талаптар:

  • Java иштеп чыгуу боюнча базалык көндүмдөр;
  • ПК же ноутбуктун болушу.

Окутуу кандайча өтөт?

Курсту КРнын мыкты иштеп чыгуучулары – бир гана теория эмес, практика боюнча дагы чеберлер алып барат. Окутуу жумасына 3 күн 2 сааттан Бишкектин борборунда орун алган жайлуу кеңседе онлайн жана офлайн форматта өткөрүлөт. Курстун мөөнөтү – 6 ай. Сизди үч ай бою практика менен коштолгон теорияны базалык окуп-үйрөнүү күтөт. Акыркы 3 айда реалдуу долбоорлорго катыша аласыз.

Натыйжада эмнеге ээ болосуз?

Курсту аяктагандыгыңыз жөнүндө сертификат аласыз, ал эми мыктылардын мыктыларына - компаниялардын биринде иштөөгө чакыруу берилет. Сиз үчүн IT дүйнөсүнө кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачкан акысы жогору беделдүү адистикке ээ болуудан артык нерсе болбосо керек.

Кантип катышса болот?

Алгач internlabs.o.kg шилетемеси боюнча катталыңыз, сизге нускамалар менен биринчи тесттен өтүү үчүн шилтеме жиберилет.

  • 2023-жылдын 7-августунан 20-августуна чейин – тандоонун биринчи туру;
  • 2023-жылдын 21-августу – биринчи турдун жыйынтыктарын чыгаруу жана аларды email даректерине жиберүү. Биринчи турдан ийгиликтүү өткөндөргө экинчи жыйынтыктоочу тестке шилтеме жөнөтүлөт;
  • 2023-жылдын 21-августунан 27-августуна чейин - экинчи тур;
  • 2023-жылдын 28-августунан 30-августуна чейин – экинчи турдун жыйынтыктарын чыгаруу. Экинчи тесттен ийгиликтүү өткөндөрдүн баарына «Intern Labs 5.0» курсуна кабыл алынгандыгы тууралуу билдирүү келет;
  • 2023-жылдын 14-сентябры – welcome-жолугушуу;
  • 2023-жылдын 18-сентябры – курстун башталышы.

Баарыңыздарды ийгилик коштосун жана коддун күчү колдосун!

«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МБТМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: