super.kg logo

Түптөгү дагы үч айылда сел жүрдү 

 
Бүгүн, 7-августта Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра айыл аймагына караштуу айылдарда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Алдын ала маалымат боюнча саат 16:00 чамасында кыска мөөнөттө жаап өткөн жаандын кесепетинен, кокту-колоттордон келген сел суулары Талды-Суу, Көчү, Корумду айылдарын каптагандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жеринде маалыматты тактоо, аныктоо максатында ыкчам топ тартылган. Учурда аталган айылдарда 41 куткаруучу иш алып барууда. Мында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 1 жүктөгүчү жана 3 экскаватору тазалоо иштерин аткарып жатат.
Ал эми сел сууларын тазалоо үчүн Балыкчы, Каракол шаарларынын суу сордуруучу мотопомпалары жана авариялык-куткаруу унаасы, оор жүк ташуучу 3 ХОВО унаасы тартылды.
Министрлик жериндеги абалдан кошумча маалымат берилерин билдирди.
Буга чейин Түптүн Кең-Суу жана Байзак айылдарында сел жүргөн.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: