Бишкекте курулуп жаткан жаңы Ак үйдөн өзбекстандык жумушчу кулап, ооруканага жеткирилди
6-августта Бишкекте курулуп жаткан жаңы Ак үйдөн жумушчу кулап, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинен SUPER.KG порталына билдирди.
Жабырлануучу Өзбекстандын 1993-жылы туулган А.А. аттуу жараны экенин Ленин РИИБинен маалымдады. Учурда анын абалы туруктуу деп бааланууда.
Бул факты боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.
Белгилей кетсек, буга чейин Бишкектеги “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна жаңы Ак үй курулуп жаткандыгы айтылган. Өлкө башчы Садыр Жапаров 21 миң чарчы метр аянтты ээлеген жаңы Ак Үйдүн чыгымын инвесторлор көтөрө турганын, бул үчүн аларга Бишкектен 16 гектар жер берилерин билдирген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.