super.kg logo

Бостеридеги жигиттин өлүмү: Милиция жалган маалымат тарап жатканын билдирди

 

Ысык-Көлдө эс алууда жүрүп каза болгон 23 жаштагы жигиттин өлүмү туурасында коомчулукта ар кыл пикирлер айтылууда. Буга байланыштуу бүгүн, 8-августта Ысык-Көл облустук милициясы жалган маалымат тарап жатканын билдирди.

Маалымдалгандай, Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы ар кандай күмөн саноолорду жоюу максатында каза болгон жигиттин жакындарына экспертизаны Талас облустук соттук-медициналык экспертиза бюросунда жүргүзүүнү сунуштаганын жана алар макулдугун беришкенин айтты.

Учурда экспертизанын жыйынтыгы чыга электиги, анын жыйынтыгы боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан мыйзамдардын талаптарына ылайык чечим кабыл алынары кабарланды.

"Айрым социалдык тармактардын колдонуучулары өздөрүнүн баракчаларында көл жээгиндеги мушташтын видеосун таратып, аны Талас облусунун 23 жаштагы тургунунун өлүмү менен байланыштуу деп ишендиришүүдө. Бул маалымат чындыкка дал келбейт.

Аталган видеодогу окуя 3-июлда Кара-Ой айылынын пляж аймагында, жергиликтүү тургундар менен "Акун" пансионатынын кызматкерлеринин ортосунда болгонун билдиребиз. Окуянын бардык катышуучулары аныкталган. Алар 15-16 жашка чейинки өспүрүмдөр болуп чыккан. Алардын айтымында, 3-июлда саат 01:00 чамасында көл жээгинде өспүрүмдөрдүн ортосунда уруш чыгып, мушташка айланган. Окуяны өз убагында көргөн пансионаттын коопсуздук кызматкерлери өспүрүмдөрдү ажыратып, таратып жиберишкен.

Сурамжылоодо эки тарап тең арыз берүүдөн баш тартышкан. Окуянын катышуучулары менен Ысык-Көл РИИБдин БИИнин инспекторлору тарабынан профилактикалык иштер өткөрүлгөн.

Мындан сырткары, эксперттер жана милиция 23 жаштагы жигиттин өлүмүн анын эпилепсия оорусу менен байланыштырып, окуяны жаап-жашырууга аракет кылган деген маалыматтар жазылып жатат. Бул маалымат да чындыкка дал келбейт", - деп билдирди милициядан.

Эске салсак, 6-августка караган түнү Ысык-Көлдүн Бостери айылындагы "Золотые пески" пансионатында балдар арасында чыккан мушташтан улам 23 жаштагы жигит каза болгонун маркумдун агасы айткан видео социалдык тармактарда тараган. Анда ал аталган пансионатта эс алып жүргөн инисин топ балдар сабап өлтүрүп койгонун жана ишке тергөөчүлөр кош көңүл мамиле жасап, эпилепсиясы кармап калгандыктан каза тапканын айтып жатышканын билдирген.

Аталган окуя коомчулукта кызуу талкууланып, өлкө башчы Садыр Жапаров 23 жаштагы жигиттин өлүмү боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алганын президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев кабарлаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: