super.kg logo

Муфтий Тик токтогу айрым эркектердин жоруктарына карата кайрылуу жасады (видео)

 

Кыргызстандын муфтийи Замир Ракиев Тик ток социалдык тармагында аялдын ич кийимин кийген эркектерге жооп берди. Бул тууралуу ал бүгүн, 8-августта видео кайрылуу жасады.

Анда Ракиев интернет булактарында акча үчүн аялдын ич кийимин кийип, акылга туура келбеген иштерди жасап жаткандарга нааразычылыгын билдирген.

"Адам болгондон кийин ар кандай нерсеге жолугат экенбиз. Бирок кээ бир адамдын акылына туура келбеген нерселер бар. Адамды ыйлата турган, өтүп кеткен ата-бабасынын сөөгүн сыздата тургандай иштер болуп жатат. Бул нерсени сөзсүз айтышыбыз керек.

Кечээ интернет булактарында сакал коюп алган эле эркек кишилер аялдардын ич кийимин кийип, "ал үчүн бир аз акча бар" деп жатышат.

Пайгамбарыбыз (с.а.в) : "Ким атайылап бир эркек аялга окшошкусу келсе, анда ага Алланын каргышы болсун" деген.

Урматуу бир тууган, эсибизге келели. Ошол нерсе менен 5-10 тыйын табам деп намысыбызды тебелеп жатабыз. Ошол көтөрүп жүргөн ата тегиң эмне болуп жатат, бир тууган, урук-тууганың сыздап жатат. "Кыргызстанда ушундай болду" деп жүзүбүз менен бирөөнү карай албай кала тургандай нерселерди кылып жатабыз. Мындан алыс бололу", - деген ал.

Ошондой эле ал мечитке келип жалган сүйлөп, ири суммадагы акчаларды уурдагандарга да эскертүү берди.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
08.08.2023. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молдолор да бузулду.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: