super.kg logo

Ошто 39 мечиттин жана 21 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду

 

Бүгүн, 8-августта Ошто 39 мечиттин жана 21 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, бүгүн мекемелер аралык жумушчу топ Ош облусунун аймагындагы диний жайлардын ишмердүүлүгүн текшерүүдө. Мындай иш-чара диний экстремизм идеологиясынын жана салттуу эмес диний агымдардын жайылышына каршы туруу, ошондой эле Ош облусунда диний кырдаалды жакшыртуу максатында уюштурулуп жатканы айтылды.

Мекемеден билдиргендей, Ош облусунда диний кырдаалга терс таасирин тийгизген жана динге ишенгендер арасында радикал-экстремисттик идеологиянын жайылышына шарт түзгөн негизги факторлор бар. Аларга калктын реалдуу керектөөлөрүн эсепке албастан диний объектилерди башаламан куруу жана диний билим берүү процессине көзөмөлдүн жоктугу кирет.

Текшерүү учурунда архитектуралык-курулуш, санитардык-эпидемиологиялык нормалардын жана өрт коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн 48 мечитке, 40 диний окуу жайга карата талаптар, актылар түзүлүп, көрсөтмөлөр берилген.

"15 факты боюнча материалдар ББРга (9 мечитке, 6 диний билим берүү мекемесине) катталды. 7 материал МКЖ АМСга каттоого алынып, 39 мечиттин жана 21 диний окуу жайдын ишмердүүлүгү убактылуу токтотулду. Толтурунган протоколдордун негизинде 39 диний жана сыйынуу жайларына айып пул салынды. Христиандык багыттагы 18 диний объектинин иши текшерилди. Белгиленген архитектуралык-курулуш нормаларын бузуу менен курулгандыгы үчүн (“кызыл сызыкта” турган) 39 мечит каттоого алынбай турганы жана тиешелүү документтери жок экени аныкталды", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: