super.kg logo

Сиз 35ке чыга элексизби? Анда жашсыз. Садыр Жапаров мыйзамга кол койду

 

Президенттин маалымат кызматы Садыр Жапаров "Жаштар жөнүндө" мыйзамга кол койгонун маалымдады. Бул мыйзам 21-июнда Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты - жаштар саясатын калыптандыруунун, ошондой эле жаштарды мамлекеттик ишмердүүлүктүн бардык чөйрөлөрүнө тартуунун механизмдерин аныктоо болуп саналат.

Жаңы мыйзамга ылайык, 14 жаштан 35 жашка чейинки жарандар жаштардын катарына кирет. Буга чейин жаштардын курагы 14 жаштан 28 жашка чейин болчу.

"Мыйзамда жаштар саясаты чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ишинин негизги багыттары, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген жаштарды жана жаштардын аярлуу топторун тартуу үчүн бирдей шарттарды түзүү, жаштар саясатын калыптандыруу жана ишке ашырууда мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсү, алардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо, ишкердикти өнүктүрүүгө жана жаштарды иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү, мамлекеттик жаштар саясатын финансылык жактан камсыз кылуу маселелери каралган", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: