super.kg logo

"269 адам каза болду". Өлкөдө жарым жылда 3 миңге жакын жол кырсыгы катталды

 

Кыргызстанда жарым жылда 3 миңге жакын жол-транспорт кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, январь-июнь айларында өлкө боюнча 3 миңге жакын жол-транспорт кырсыктары катталган. Бул былтыркы жарым жылдыкка салыштырмалуу 1,3 пайызга аз. Кырсык эң көп катталган аймактардын сап башында Бишкек шаары турат. Борбор калаада кырсыктардын 45 пайызы катталган. Чүй облусунда жол кырсыгынын 19 пайызы катталса, Ошто 10 пайызды түздү.

Ал эми кырсыктан жабыр тарткандардын саны 4 миң 400 адамды түзсө, анын 269у каза болгон. Балдардын катышуусу менен 820 жол кырсыгы катталып, 38 бала каза болгон жана 981 бала жаракат алган.

Ошондой эле спирт ичимдигин ичип, мас абалында унаа айдаган айдоочулардын катышуусу менен болгон жол кырсыктын саны 153кө жеткен. Бул былтыркы жылдын январь-июнуна салыштырмалуу 17 пайызга аз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: