super.kg logo

Майыптыгы бар аялды "Үйдө эле отурбайсыңбы!" деген троллейбустун айдоочусу жазаланат

 

Бишкектеги №11 троллейбустун айдоочусу майыптыгы бар Гүлмира Казакуновага пандусту ачып берүүдөн баш тарткан. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

"Айдоочу орой мамиле кылып, пандусту ачуудан баш тартты. Троллейбустан түшүп баратканымда пандусту ачты, бирок мени арабам менен кошо түртүп түшүрүп салды. "Пандусту ачуу оңой деп жатасыңбы, сени жүргүнчүлөр көтөрсүн, эмне үчүн үйдө отурбайсың" деген сөздөрдү айтты", - деп жазды Гүлмира Казакунова.

Буга байланыштуу "Бишкек троллейбус башкармалыгына" байланышканыбызда, айдоочу каттамдан алынып, эмгек жазасына тартылары белгилүү болду.

"Айдоочунун аракетине атайын комиссия баа берет. Ал сөзсүз түрдө эмгек жазасына тартылат. Ошондой эле Троллейбус башкармалыгынын жетекчилиги Гүлмира Казакуновадан кечирим сурап, ал комиссияга чакыртылды", - деп билдиришти башкармалыктан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: