super.kg logo

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштери кызуу жүрүүдө  

 

Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы эскиздик долбоорлорго туура келбеген кире бериш топторду, ошондой эле уруксаты жок кошумча курулуштарды демонтаждоону улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 8-августта Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, башкармалыктын кызматкерлери "Тазалык" МИнын кызматкерлери менен биргеликте жеринде иш алып барышууда.

Белгилей кетсек, Байтик Баатыр жана Кулатов көчөсүнөн баштап 8-кичи районунун 3 а дарегине чейин жалпы 178 объект буздурулуп, анын ичинде 5 капиталдык курулуш, 69 бастырма, кире бериш топтор жана 103 жарнамалык конструкциялар алынган.

Ага ылайык, башкармалык тарабынан муниципалдык аймакты уруксатсыз орнотуулардан, ошондой эле мыйзам бузуу менен курулган же курулуп жаткан имараттардан жана курулуштардан бошотуу боюнча буга чейин эскертүү кагаздары берилген.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: