Бишкекте белгисиз адамдар жол белгилерин талкалап кетишти (фото)








Борбор калаада белгисиз адамдар жол белгилерин бузушту. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, "Бишкекасфальтсервис" муниципалдык ишканасына шаар тургуну түшүнүксүз белги тууралуу кайрылып, сүрөттөрүн жана жайгашкан жерин жөнөткөн. Аталган ишкананын бригадасы окуя болгон жерге барып, чапталган жол белгисин табышкан.
Тоголок Молдо жана Ташкент көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз адамдар "жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол" белгисин бузушканы айтылат.
Мындан тышкары, "Азия Молл" соода борборунун жанындагы жол белгисин белгисиз бирөө унаасы менен сүзүп качып кеткен. Ушундай эле окуя Айни жана Шота Руставели көчөлөрүнүн кесилишинде да болгон.
"Жогорудагы даректердин бардыгында бузулган жол белгилери жаңысына алмаштырылып, кайра орнотулду.
Урматтуу шаардыктар! Шаардын мүлкүн бузбоону суранабыз. Эгер сиз жол белгисин, тосмону жана башка көрктөндүрүү элементтерине кокустан зыян келтирип алсаңыз, "Бишкекасфальтсервис" ишканасынын 0755 41 98 41 номерине байланышууңузду суранабыз", - деп жазылат анда.


