Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 26га жетти
Бүгүн, 9-августка карата Бишкектеги №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоого катыша турган талапкерлердин саны 26га жетти. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, БШКга арыз менен төмөнкү талапкерлер кайрылды:
1) Эртай Искаков;
2) Алмаз Аскар уулу;
3) Эркин Булекбаев;
4) Роман Ремнёв;
5) Турсунбай Бакир уулу;
6) Куттубек Асылбеков;
7) Назарбек Нышанов;
8) Сулайман Мамаев;
9) Токтогул Какчекеев;
10) Жаныбек Абиров;
11) Русланбек Тагаев;
12) Бакыт Шаршембиев;
13) Нүргүл Сооронбаева;
14) Мурат Эсенаманов;
15) Ыргал Кадыралиева;
16) Ханзада Осмоналиева;
17) Жамалбек Ырсалиев;
18) Илимбек Аттокур уулу;
19) Таалайбек Кермалиев;
20) Кубанычбек Самаков;
21) Чыңгыз Капаров;
22) Нүргүл Аднаева;
23) Руслан Ажыбеков;
24) Жеенбек Искендеров;
25) Карачач Исмаилова;
26) Бактыбек Рысалиев.
Белгилей кетсек, Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленген.


