super.kg logo

Жалал-Абадда 36 мектептин курулушу жүрүп жатат

 

Жалал-Абад облусунун аймагында жалпы 36 мектептин курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, быйыл жыл аягына чейин курулуп жаткан мектептердин 20сы пайдаланууга берилет.

Кечээ, 8-августта президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Эркинбек Маматаев Кыргызстан айылындагы №18 "Манас-1000" жалпы билим берүүчү орто мектебинин курулушу менен таанышты.

Өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, бул мектептин курулушу 2019-жылы башталып, аягына чыкпай келген. Быйыл республикалык бюджеттен бүткөрүүгө керектүү каражат бөлүнүп, жумуш жанданган. Мектеп 275 орунга ылайыкташтырылууда. Азыркы учурда имараттын чатыры жабылып, негизги жумуштар аяктаган.

Облус башчысынын орун басары курулушка керектүү каражат ажыратылганын, сапатка өзгөчө көңүл буруп, иш ыргагын тездетүү үчүн кошумча жумушчу күч тартуу тапшырмасын берди.

Аталган мектепти ушул жылдын күз айларында пайдаланууга берүү пландалууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: