super.kg logo

Эмгек министри Азербайжандын элчиси менен кызматташтыкты талкуулады

 

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Гандилов менен кызматташуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта аталган министрликтен билдиришти.

Маалымдалгандай, Азербайжандын элчиси баш кеңсеси Баку шаарында жайгашкан Ислам кызматташтык уюмунун (ИКУ) эмгек борборунун алкагында биргелешкен ишмердүүлүктү сунуштады.

Ага ылайык, министр Базарбаев Кыргызстан менен Азербайжан бири-бирин эл аралык платформаларда жана өз ара кызыкчылык маселелеринде активдүү колдошорун белгиледи.

"Министрлик Ислам кызматташтык уюмуна караштуу эмгек борборун ачуу демилгесин колдойт жана аталган борбордун уставына кол коюуга даяр", - деди министр.

"Эмгек борборунун ишке кириши катышуучу өлкөлөрдүн (Азербайжан, Түркия, Сауд Аравиясы, Судан, Мавритания, Бенин, Бахрейн, Того, Ливия, Марокко) эмгек мыйзамдарын шайкеш келтирүүнү болжолдойт, мында Кыргыз Республикасы учурдагы эмгек мыйзамдарына жана стандарттарына талдоо жүргүзүшү керек", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жолугушууда ИКУ алкагындагы Эмгек, жумуштуулук, эмгек миграциясы жана социалдык коргоо маселелери боюнча маалыматтык системаны жана платформаны түзүү боюнча кызматташуу талкууланды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: