super.kg logo

"Жаңы форма берилет". Бишкекте "Тазалык" ишканасы кышка даярданууда

 
"Тазалык" муниципалдык ишканасы кышка даярданууда. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Бишкек шаардык мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган ишкана өз кызматкерлерин кышкы атайын кийимдер менен камсыздайт.
"Жаңы форманын жарык чагылдыруучу элементтери бар. Кийим кызматкерлердин талаптарын эске алуу менен атайын тигилген.
Жарыкты чагылдыруучу элементтери бар кийим адамдын жолдо көрүнүүсүн жогорулатат. Кечинде, короолордо жана көчөлөрдө жарык жетишсиз болгондо рефлектордун болушу өмүрдү сактап калат. Жарыкты чагылдырган кийим - бул коопсуздуктун маанилүү элементи", - деп жазылат маалыматта.
Учурда 1000ден ашык комплект даяр болуп, күзгө чейин бардык кызматкерлерге жаңы форма берилери айтылат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: