super.kg logo

Жалал-Абаддагы мушташ: 5 адам милицияга жеткирилди

 

Жалал-Абаддагы Спутник кичи районунда мушташ болуп, милицияга 5 адам жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 9-августта Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалылыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-август күнү саат 22:55 чамасында милицияга Д.К. аттуу жаран кайрылган. Анда болжол менен саат 22:50 чамасында Жалал-Абад шаарынын Спутник кичи районунун Манас көчөсүндө жайгашкан "Омас" маркетинин алдында 5 бала мушташып жаткандыгы айтылган.

Аталган факты боюнча Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалыматтарды электрондук каттоо журналына катталган.

"Алдын ала текшерүү учурунда Базар-Коргон районунун тургундары 18 жаштагы Б.Р. жана А.К. уулу, 24 жаштагы Б.Р. Спутник кичи районундагы СИЗОнун имаратында куруучу болуп иштеп жатышкандыктан маркетке суусундук алууга барышкан. Бул учурда Жеӊи-Жок көчөсүнүн 18 жаштагы тургуну А.С. менен Сузак көчөсүнүн тургуну Н.А. урушуп кетишкен.

Натыйжада эки тарап бири-бирине арыз-дооматтары жок экендигин билдирип, арыз жазуудан жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүдөн баш тартышкан.
Аталган факты боюнча А.С. жана Н.А. менен бирге болгон шериктерин тактоо боюнча тиешелүү кызматтарга атайын тергөө тапшырмалары берилип, териштирүү иштери жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: